♻️ ✅НАРЫН РАЙОНУНДА ЖАЛПЫ ИШЕМБИЛИК ӨТКӨРҮЛДҮ

Бүгүн, 2025-жылдын 5-июлунда, Нарын районунун бардык аймагында тазалыкты сактоо жана жашоо чөйрөсүн жакшыртуу максатында жалпы ишембилик уюштурулду.
Ишембиликке райондук мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлери активдүү катышып, аларга бөлүнгөн аймактар, мекемелердин айланасы жана турак жайлардын тегереги иретке келтирилип, таштандылар чыгарылды.
Ошондой эле айыл өкмөттөрүндө социалдык объектилердин айланалары, коомдук жайлар жана жол жээктери тазаланып, ирээтке келтирүү иштери жүргүзүлдү.
✅ Мындай иш-чаралар тургундарда жоопкерчилик сезимин күчөтүп, тазалыкты сактоого болгон мамилени жакшыртат.

Жооп калтыруу