Нарын районунун аймагында үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү жана алдын алуу иштери системалуу жүргүзүлүп келет. Соңку статистикалык маалыматтар боюнча, 2025-жылдын 8 айына карата Нарын РИИБдин МЭЖна үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 24 факт катталган, бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 учурга көп (2024-ж. 21). Анын ичинен аялдарга карата – 19, эркектерге карата – 4, жаш өспүрүмдөргө карата – 1 учур.
Бул фактылар боюнча Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматы Кыргыз Республикасынын ИИМдин 27.01.2022-жылдагы №62 буйругунун негизинде жабыр тарткан 24 жаранга коргоо ордерлерин берген.
Мыйзам чегинде күнөөлүүлөргө карата чаралар да көрүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Укук Бузуулар жөнүндө кодексинин 70-беренесинин негизинде соттун кароосуна 18 протокол жиберилген: коомдук жумушка тартылган – 8, камакка алынганы – 7, соттон кыскарганы – 3. Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 27-беренесинин 2-бөлүмү боюнча кыскартылганы – 5, өндүрүштө турганы – 1.
Нарын районунун прокуратурасы үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүнү көзөмөлдөп, жабырлануучулардын укуктарын коргоо багытында ыкчам чараларды көрүүдө. Прокуратура ар бир арыз жана факт боюнча өз убагында иликтөө жүргүзүп, мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу менен күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу ишин күчөттү.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары үй-бүлөлүк зомбулукка катаал жоопкерчиликти карайт. КРнын УБжКнын 70-беренеси боюнча дене-бойлук, психологиялык же экономикалык зомбулук кылуу үчүн 40 саатка коомдук иштерге тартуу же 3төн 7 суткага чейин камакка алуу каралган. КРнын КЖКнын 177-беренеси боюнча дене же психикалык зыян келтирген аракеттер үчүн 40 –100 саат коомдук иштерге тартуу же 2 жылдан 5 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу чарасы колдонулат. Мындан тышкары, 2017-жылдын 27-апрелиндеги №63 “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамынын 5-беренеси жабырлануучуларга укуктук, социалдык, медициналык жана психологиялык жардам алууга, убактылуу коргоо ордерин алууга, коопсуздукту камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Нарын районунун прокуратурасы үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөштү системалуу улантып, ар бир факт өз убагында катталышына жана тыкыр иликтенишине катуу көзөмөл жүргүзүүдө. Жабырлануучулардын укуктары толук корголуп, мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюлат, күнөөлүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде жоопкерчиликке тартылат.
Келечекте коомдогу тынчтыкты жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу багытында прокурордук көзөмөл натыйжалуу жана үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.