Үй-бүлөлүк зомбулуктун жана балдарга байланыштуу кылмыштуулуктун алдын алуу – коомдук коопсуздуктун маанилүү шарттарынын бири

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Нарын районунда үй-бүлөлүк зомбулуктун, балдарга карата жана балдар тарабынан жасалган кылмыштардын абалы прокуратура органдарынын тыкыр көзөмөлүндө болуп, бул багыттагы иштер приоритеттүү милдет катары белгиленип келет.
Нарын райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн көзөмөлдүн жыйынтыгында район аймагында үй-бүлөлүк зомбулуктун 38 фактысы катталып, алардын ар бирине укуктук баа берилди. Зомбулуктун ар кандай түрлөрүнө кабылган 38 аялга Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык убактылуу коргоо ордерлери берилген.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 70-беренесине ылайык, үй-бүлөлүк зомбулук — бул дене-бойлук, психологиялык же экономикалык зомбулук көрсөтүү, же мындай зомбулук менен коркутуу, ошондой эле кайдыгер мамиле кылуу катары таанылат. Бул укук бузуулар үчүн 40 саатка чейин коомдук иштерге тартуу же 3төн 7 суткага чейин камакка алуу түрүндөгү жоопкерчилик каралган.
Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана аны кайталоого жол бербөө максатында, ички иштер органдары тарабынан коргоо ордеринин шарттары техникалык каражаттар аркылуу көзөмөлгө алынууда. Мындан тышкары, ички иштер органдары тарабынан коргоо ордерлеринин берилиши жана алардын узартылышы “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамынын 24-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык ишке ашырылууда. Ал эми аталган мыйзамдын 2024-жылдын 7-августундагы редакциясындагы 27-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, убактылуу коргоо ордерлери зомбулук жасаган адамдын жашаган жери боюнча ички иштер органы тарабынан 30 күнгө чейин берилет.
Ошондой эле прокуратура балдарга карата жасалган жана өспүрүмдөрдүн катышуусундагы кылмыштар боюнча талдоо жүргүзүп, коомчулук менен тыгыз иш алып барууда. Балдарга карата катталган зомбулук фактылары — бул балдардын ден соолугуна, психологиясына түздөн-түз зыян келтирген өтө кооптуу көрүнүштөр. Ошондой эле балдардын өздөрү тарабынан жасалган кылмыштар да коңгуроо болууда. Ата-энелик көзөмөлдүн жетишсиздиги, үй-бүлөлүк тарбиянын солгундашы жана коомдук тартипке шалаакылык мындай көрүнүштөргө алып келүүдө.
Прокуратура органдары тарабынан укук коргоо, билим берүү жана социалдык кызматтар менен биргеликте алдын алуу иш-чаралары күчөтүлүп, түшүндүрүү иштерине өзгөчө көңүл бурулууда.
Үй-бүлөлүк зомбулук жана балдарга байланыштуу кылмыштар боюнча ар бир факт коом тарабынан четке кагылышы керек. Бул багыттагы иш-чаралар туруктуу мүнөздө жүргүзүлүп, жарандардын укуктары жана коопсуздугу прокуратуранын дайыма көңүл борборунда болууда.
2024-жыл ичинде балдар тарабынан жасалган кылмыш иштери катталган эмес, бул өспүрүмдөр арасында алдын алуу иш-чараларынын таасирдүү жүрүп жаткандыгын тастыктайт. Ошол эле учурда, балдарга карата 2 кылмыш иши катталып, алардын ар бири боюнча тийиштүү тартипте процессуалдык чечимдер кабыл алынган.
Нарын районунун прокурорунун жардамчысы​​ Г.Асыпбаева

Жооп калтыруу